Бишкекте заманбап «Sky Park Baytik» көңүл ачуучу паркынын ачылышы болду

Бишкекте заманбап «Sky Park Baytik» көңүл ачуучу паркынын ачылышы болду
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жаңы заманбап “Sky Park Baytik” оюн-зоок паркынын ачылышы болду.

Парктын ачылышы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, инвесторлор, жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев балдарды майрамы менен кызуу куттуктап, аларга бакыт-таалай, чың ден соолук, бакубатчылык жана окууларына ийгиликтерди каалады.

“Балдарды коргоо күнү – бул жөн гана дата эмес. Ар бир бала биздин кубанычыбыз, үмүтүбүз, келечегибиз. Биз аларга бактылуу балалык, башына жарык асман, өсүп-өнүгүшүнө татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Балдардын жылмаюусунда жер бетинде тынчтык жана ынтымак бар. Балдарга бактылуу балалык, сапаттуу билим, туура тарбия берүү үчүн бардыгын жасайбыз. Урматтуу балдар, бүгүн биз силер үчүн жаңы парктын ачылышынын алкагында оюн-зоок программасын даярдадык. Окууңарда чоң ийгиликтерди каалайбыз, көп китеп окугула, спорт менен машыккыла. Президентибиз да силерди майрамыңар менен куттуктайт! Бүгүн силерге мамлекет башчынын атынан атайын даярдалган белектер тапшырылат”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен республика боюнча сейил бактарды жана коомдук жайларды куруу иштери жүрүп жатканын улантты.

«Бүгүн борбор калаанын эң кооз жерлеринин бири — Байтик паркында «Асман паркын» ачып жатабыз. Шаардын түштүк тарабында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат, бул сейил бак бул жерде абдан керек болчу. «Асман паркы” жөн эле сейил бак эмес, бул шаар тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу жай боло турган маанилүү социалдык долбоор», — деген МинКаб Төрагасы долбоордун катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Андан соң, Министрлер Кабинетинин Төрагасы парктын аймагы менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан балдарга белектерди таратты.

Долбоорго 1 миллиард сомго жакын жеке инвестиция тартылып, 200 жумушчу орун түзүлдү. Парктын аянты 4,5 гектарды түзөт. Паркта балдар жана чоңдор үчүн 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Паркта ыңгайлуу кирүү системасы, эс алуу аймактары, санитардык түйүндөр жана фудкорттор бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулат.

Видеону биздин Инстаграм баракчабыздан көрүңүздөр: https://www.instagram.com/reel/DKWYQiWKjH7/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

Поделиться в социальных сетях:

covid 19

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>