Бишкекте Жаңы жыл түнү аба-ырайы кескин сууктайт. Gismeteo.ru’нун билдирүүсүнө ылайык, температура -14 градуска чейин төмөндөйт.
31-декабрда жана 1-январда булут каптап, күн бүркөк болот. Күндүз күн суук болуп, -3 градуска жетет.
Accuweather компаниясынын алдын-ала маалыматы боюнча, 31-декабрда күндүз аба-ырайы -1 градуска түшүп, каар жаашы күтүлөт. 1-январга караган түнү аба-ырайы -11 градуска чейин төмөндөп, кар жаабайт.
Кыргызгидромет жогоруда айтылган прогноздун тактыгына жооп бере алышпай турганын билдирди. Аба-ырайы тууралуу так маалымат Жаңы жылга бир жума калганда айтылат.