Бишкекте жай айында зер буюмдарды уурдаган шектүү колго түштү

Бишкекте жай айында зер буюмдарды уурдаган шектүү колго түштү

Бишкекте жалпы баасы 40 миң долларлык зер буюмдарды уурдап кеткен шектүүлөр колго түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 22-июлунда болгон. Ленин РИИБине Т.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө уурулукка киргенин айтып, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Арыз ээси 11 алтын буюмду алып чыгып кетишкенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реесстрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран колго түшкөн. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>