Бишкекте жана Беш-Күнгөйдө олимпиадалык курамалар арасында эл аралык футбол мелдеши өтөт

Бишкекте жана Беш-Күнгөйдө олимпиадалык курамалар арасында эл аралык футбол мелдеши өтөт

15-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда жана Беш-Күнгөй айылындагы «Талант» футболдук клубунун «Достук Арена» стадионунда өтөт. Бардык оюндарга кирүү акысыз.

17-июль:

  • 20:00 –  Оман менен Бахрейн («Достук Арена» стадиону, Беш-Күңгөй айылы)
  • 20:00 – Кыргызстан менен Сирия (Д. Өмүрзаков ат. борбордук стадиону, Бишкек шаары)

20-июль:

  • 20:00 – Сирия менен Бахрейн («Достук Арена» стадиону, Беш-Күңгөй айылы)
  • 20:00 – Кыргызстан менен Оман (Д. Өмүрзаков ат. борбордук стадиону, Бишкек шаары)

23-июль:

  • 20:00 – Оман менен Сирия («Достук Арена» стадиону, Беш-Күңгөй айылы)
  • 20:00 – Кыргызстан менен Бахрейн (Д. Өмүрзаков ат. борбордук стадиону, Бишкек шаары)

«Мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, “E” тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат»,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>