Бишкекте жаранды уурдап, «общакка» 200 миң сом талап кылышкан

Бишкекте жаранды уурдап, «общакка» 200 миң сом талап кылышкан

2023-жылдын ноябрь айында Бишкекте жасалган кылмыштын бети ачылып, ага шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Э.А. аттуу жаранды уурдап, ээн талаага алып барып, бычак менен коркутуп, сабап, криминалдык общакка 200 миң сом талап кылышкан.

Милиция уюшкан топтун мүчөсүн кармап, ага КЖКнын 165-беренеси (адам уурдоо) жана 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>