Бишкекте жеңил унаа мектеп курагындагы баланы сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа мектеп курагындагы баланы сүзүп кетти

Бишкек шаарында жеңил унаа кичинекей баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 1-мартта болжол менен саат 07:30 чамасында болгон. Анда, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаа Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

“Кичинекей бала «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда унаа айып короого киргизилип, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>