“Раим камалсын!”, “Уурунун орду түрмөдө!”, «Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген чакырыктар менен Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинг өтүп жатат. Колдоруна Райымбек Матраимовдун сүрөтүн көтөрүп алган 1000ге жакын адам учурда Ала-Тоо аянтына чогулду.
Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун” “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсү жарыяланган.
Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.
Аталган иликтөөдөн кийин жарандык коом өкүлдөү менен шаар тургундарынын жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгару тууралуу маалыматтар тараган.