Бишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды

03.04.2026 | 15:13

Бишкекте белгилүү кинорежиссёр Станислав Говорухиндин 90 жылдыгына арналган, «Жеңиш 9/45» эл аралык патриоттук кыймылынын эгидасы (колдоосу) астында «Кинопанорама» эл аралык кинофоруму өтүүдө.

Программанын өзүнчө бир блогу режиссёрдун чыгармачылык мурасына арналган. Катышуучулар анын методун жана кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон салымын изилдеп жатышат.

Белгилей кетсек, режиссёр жана сценаристтин тасмаларынын арасында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы советтик альпинисттердин эрдигине арналган «Белый взрыв» сыяктуу белгилүү картиналар бар. Ошондой эле, согуш жана согуштан кийинки мезгилдин фонунда адамдардын тагдырын баяндаган «Благословите женщину» тасмасы да маанилүү эмгек болуп саналат.

Долбоордун уюштуруучусу — Евразия кинематографисттеринин жаштар ассоциациясы (МАКЕ) билдиргендей, билим берүү программасы практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кино тармагындагы адистердин жаңы муунун калыптандырууга багытталган.

«Форум жаш кинематографисттердин башын бириктирип, аларга кино жаратуу процессине терең аралашууга жана кесиптик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бир нече күндүн ичинде катышуучулар кино өндүрүшүнүн толук циклин — идеядан баштап даяр продуктуга чейинки жолду басып өтүшөт. Программа теориялык сабактарды практика менен айкалыштырат: командалар сценарийлерди иштеп чыгып, тасмага тартышат жана форумдун жүрүшүндө эле өздөрүнүн патриоттук кыска метраждуу тасмаларын монтаждашат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле катышуучулар кино тилине карата заманбап ыкмаларды изилдеп, оригиналдуу окуяларды жаратуунун үстүндө иштешет. Экинчи этапта негизги көңүл тартуу процессине бурулат: командалар вертикалдуу видео жана мобилдик технологияларды колдонууну камтыган актуалдуу форматтарды өздөштүрүү менен тасмаларды тартууга киришишет.

Жыйынтыктоочу күн монтажга жана постпродакшенге арналат, андан кийин жаратылган эмгектердин көрсөтүлүшү болот.

Scroll to Top