Бүгүн, 19-майда, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйыны өттү.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстандын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода жана Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко катышты. Жыйынга байкоочу катары Сербия Скупщинасынын Коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Милован Дрецун да катышты.
Анда катышуучулар ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун 2024-жылдын ноябрында өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана жамааттык коопсуздукка карата чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматын укту. Анда Башкы катчы ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюлушу ЖККУ алкагындагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болорун белгилеген.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактарында коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо учурунда парламенттик делегациялардын башчылары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жетишилген келишимдер достук, биримдик жана коңшулук мамилелер принциптерине шайкеш келерин баса белгилешкен.
Ошондой эле Кыргызстандые Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов 2025-жылы ЖККУдагы төрагалык кылуу алкагында мамлекеттин аймагындагы коомдук-саясий жана аскердик туруктуулукту камсыз кылуу, коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттер боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасаган.
ЖККУ ПАнын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча Туруктуу комиссиясынын төрагасы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасынын орун басары Анатолий Выборный 2026-2030-жылдарга карата ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын иш программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттерде өткөрүлгөн шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө ЖККУ ПАнын өкүлдөрүнүн катышуусу, эл аралык парламенттик уюмдардагы аракеттерди координациялоо жана башка уюштуруу маселелери тууралуу маалымат угулган.