Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Бишкекте жол кырсыгынан кош бойлуу аял каза болуп, бир нече адам жабыркады
28.10.2019 | 14:32
Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жеңил унаа жол жээгиндеги мамыны сүзүп, унаанын ичинде бара жаткан 32 жаштагы жүргүнчү каза болду.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, кырсык 28-октябрга караган түнү болгон.
“Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги мамыны сүзүп, андан соң жүк ташыган унаага урунган.
Кырсыктын кесепетинен унаада бараткан 32 жаштагы кош бойлуу аял окуя болгон жерде каза болгон. Андан башка 2 жүргүнчү жана унаанын айдоочусу №4 шаардык ооруканасына, дагы бир жүргүнчү улуттук госпиталга жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар