Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жол коопсуздугу тармагында эмгектенген айым кесиптештерин, айым ардагерлерин жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин энелерин жана жубайларын Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.
Майрамдык иш-чарада ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков сөз сүйлөп, кызмат менен үй-бүлөнүн түйшүгүн чогу көтөргөн айым кызматкерлердин элибиздин коопсуздугу үчүн аткарган кызматтарын жогору баалап, аларга ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлыктарды өздүк курам менен чогу ыйгарды.
Куттуктоо иш-чарасы чакан концерттик программа менен коштолуп, айым кызматкерлерге жакшы каалоо-тилектер айтылып, айымдардын ажарын, мээримин, сулуулугун даңазалаган ырлар окулуп, жакшы сөздөр айтылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз