Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө ачылды

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө ачылды

Турусбеков-Манас көчөсүн бойлой Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоор боюнча эски жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн ордуна автоунаа көпүрөсү курулду. Реконструкциядан кийинки узундугу 36,5 метр, туурасы 11 метр, ошондой эле эки тарабында туурасы 2,25 метрди түзгөн коопсуз жөө адамдар өтүүчү жолу бар.

Белгилей кетсек, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Ташкент көчөсүнөн баштап Щербаков көчөсүнө чейинки узундугу 2,23 км. түзгөн Турусбеков-Манас көчөсүн бойлото реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Жол куруу иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» подряддык уюму тарабынан жүргүзүлдү.

Ал эми авариялык абалдагы көпүрөнү демонтаждоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылды. Ага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев, Биринчи май районунун жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, подряддык компаниянын, МАБдын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>