Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 10-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу жабылат.

Жол магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштерине байланыштуу жабылууда. Бул түтүктөр 1985-жылдан бери пайдаланылып, колдонуу мөөнөтү бүтүп калган.

Мэрия тургундарга жол тыгындарын болтурбоо үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>