Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Бишкекте журналисттер аткаминердин унаасын тартып алып, 2 миң доллар талап кылган
10.07.2024 | 12:44
Бишкекте телеканалдын журналистти жана оператору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ж.Н.А. жана И.T.M. ысымдагы медиа кызматкерлер жол коопсуздугу боюнча рейд учурунда тартылган видео менен мамлекеттик мекемеде иштеген жаранды коркутушкан. Алар 2 миң доллар алып жаткан учурда колго түштү.
“Алар аткаминерди карызы бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлап, анын унаасын тартып алышкан”, – дейт коопсуздук комитети.
Белгилей кетсек, кармалгандар NewTV каналында иштешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом