Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 22 жаштагы келин көз жумду

Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 22 жаштагы келин көз жумду

Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 14үнөн 15-январга караган түнү 22 жаштагы келин көз жумду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева тактады.

Анын айтымында, аял оор абалда түшкөн. Ага шашылыш кесарева жасоо чечими кабыл алынган.

«Жаш келин, биринчи төрөт, эгиз балдар. Абалы оор болчу. Эмнеден улам каза болгонун эми экспертизанын жыйынтыгы көрсөтөт. Бир айдан кийин гана баары белгилүү болот», — дейт ал.

Раиса Асылбашеванын маалыматында, эгиздердин абалы жакшы.

«Балдар аман-эсен, 34-35 апталык төрөлдү. Келиндин туугандары аны жерге узатып алганча ымыркайлар төрөт үйүндө кароодо болот», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>