Бишкекте бүгүндөн тарта №216 маршрутканын ордуна автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.
Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот. Алардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылган.
Белгилей кетсек, учурда Кытай өлкөсүнөн алынган автобустардын экинчи партиясы келип жатат.