Чуңкурчакта жапайы түлкүгө ок атышкан. Милиция 4 эркек кишини аныктадыСаламаттык сактоо министрлиги жана ДСУ Кыргызстандын алыскы аймактарында санариптик медицинаны кеңейтүүнү макулдашты«Кыргызнефтегаздагы» коррупция: Шайырбек Ташиев 16-майга чейин тергөө абагына киргизилди3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулашты
Бишкектеги 37 мектепте лагерь ачылды
05.06.2024 | 20:00
Бишкектеги 37 мектепте лагерлер ачылууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар 4 миң 275ке жакын окуучуну камтыйт.
Райондор боюнча мектеп лагерлердин тизмеси:
– Ленин районунда 7 мектеп лагери ачылды: №7, 40, 42, 79, 80, 97, 102. Жалпысынан 1090 окучууну камтыйт.
– Биринчи май районунан 6 мектеп лагер: №27, 49, 69, 86, 99, 101,
1000 окучуу катталды;
– Свердлов районунда 14 мектепте мектеп лагери ачылды, анын ичинен 12 мектепте тамактануу уюштурулду. Жалпысынан 1315 окучууну камтыйт.
– Октябрь районунда 10 мектеп лагери: № 3, 14, 26, 39, 56, 64, 88, 91, 98, 103 мектептерде. Мектеп лагерлерине 870 окучуу катталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом