Бишкектеги базардан ири суммада акча уурдоого шектүү кыз кармалды

15.06.2024 | 13:45

Бишкек шаарындагы базарлардын биринен ири суммадагы акча уурдоого шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 8-июнь күнү И.Б. аттуу жаран Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында ири базардагы контейнерден белгисиз адамдар 6100 доллар акча салынган капчыгын жана  150 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген.  Бул фактынын негизинде Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2003-жылы туулган З.З. кармалган. Ал тергөө кызматына киргизилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top