Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкектеги борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу каза болду
24.07.2020 | 12:47
Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу каза болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Акмат ажы Жумагул уулу кечээ, 23-июль күнү 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.
Буга байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жалпы эмгек жамааты жана Бишкек шаарынын казыяты Акмат ажы Жумагул уулунун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Акмат ажы Жумагул уулу 1974-жылы Чүй облусунун Ысык Ата районунда төрөлгөн. 2003-жылдан бери дин тармагында кызмат кылып келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом