Бишкектеги жеке менчик Эл аралык медициналык университеттин айрым окутуучулары чет элдик жарандарга медициналык дипломдорду мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорудагы мугалимдер акча алып, чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө Кыргызстандын аймагында болбогонуна карабастан, алардын окуу жана баалоо иш кагаздарын бурмалашкан.
«Андан ары жасалма окуу мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз түрдө медицина тармагында жогорку билими тууралуу дипломдор берилген. Мындай аракет илимге болгон ишенимге доо кетирип, Кыргызстандын жогорку билим берүү системасын эл аралык аренада жаманатты кылган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.