17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаардын инфраструктурасына зыян келтирилди.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыкта бак-дарактар, имараттардын чатырлары жана токтоп турган унаалар жабыркаган.
Жалпысынан шаар боюнча 23 бак кулап, 49 бак жабыркаган. Ошондой эле турак жайлардын жана коммерциялык имараттардын чатырлары жабыркап, кулаган бутактардан жана таштандылардан улам унаалардын сырттары чийилип, айнектери сынган учурлар катталган.
Атайын топтор кесепеттерди оперативдүү түрдө жоюуда. Мисалы, кулаган дарактарды жыйноодо, чатырды авариялык оңдоо жана келтирилген зыянды баалоого жардам берүүдө.
Мэрия жарандарды этият болууга жана окуялар тууралуу 1840, 1850 телефондору аркылуу кабарлоого чакырат.
Буга чейин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү тараткан. Анда түнкүсүн Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун маалымдаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз