Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчаларга видеокөзөмөл камералары орнотулат. Мындай сунуш Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтылды.
Вице-мэр Мирлан Байгончоков борбор калаанын 2025-жылга карата бюджетинде бул максаттарга акча каралбаганын билдирди. Бирок буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул милдетти мэриянын алдына койгон болчу, эми борбор калаа бийлиги камераларды орнотууга акча издеп жатат.
Вице-мэр бул үчүн акча табылып, камералар орнотулат деген он билдирди.
Депутаттардын айтымында, борбор калаанын ички иштер башкармалыгы билим берүү мекемелеринде болуп жаткан окуяларга да көз салып туруу үчүн серверге кирүү мүмкүнчүлүгүн сурап, мектеп жана бала бакчалардын жанында кылмышкерлерди аныктоо үчүн адамдарды жүзүнөн таануу системасын орнотууну суранууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз