Бишкектеги мектептердин биринде мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыкты

Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 16 жаштагы окуучу менен 69 жаштагы эркек мугалимдин ортосунда мушташ чыгып, экөө тең ооруканага кайрылды.
Биринчи Май райондук милициясынын маалыматында, 16-февралда саат 11:30 чамасында «102» кызматына мектепте мугалим менен окуучунун ортосунда мушташ чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошондой эле мугалим окуучуга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз берген. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылганы айтылды.
Милиция учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканын билдирди.
Айрым жергиликтүү ЖМКлар окуя Бишкектеги №83 мектепте болгонун жазышууда. Маалыматтарга ылайык, 10-класстын окуучусу мугалимди катуу сабап, мугалим алган жаракаттарынан улам травматолгия бөлүмүнө жаткырылганын жазышууда.