Бишкектеги Москва көчөсү ачылды

Бишкектеги Москва көчөсү ачылды

Бишкектеги Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкеси оңдолуп бүтүп колдонууга берилди.

Москва көчөсүнүн ачылышы менен Токтогул көчөсү кайрадан бир тараптуу болуп калды. Буга чейин убактылуу токтотулган №4, №8, №10 троллейбустар каттамга чыгып, график менен иштеп баштады.

30-август күнү  Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш гвардия бульварына чейинки тилкесиндеги оңдоо иштери аяктап, тилке аркылуу унаалар каттап баштаган.

Белгилей кетсек Москва көчөсү борбор калаадагы жолдорду оңдоо үчүн Кытай мамлкети бөлгөн гранттын эсебинен оңдолуп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>