Бишкек мэриясы борбор калаанын 8көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери качан аяктай турганын айтты.
Ага ылайык, Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан Даткадан Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо (1,7км) 25-апрелде жасалып баштап, 10-июнда аяктайт.
Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрелден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (1,7 км) 25-июндан 25-сентябрда аяктайт.
Жибек Жолу проспектисинин Курманжан Даткадан Лермонтовго чейинки бөлүгү (1,8 км) 25-марттан 6-июнга чейин оңдолот.
Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү (1,9 км) 25-марттан 26-июлга чейин жасалат.
Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимовдон Калык Акиевге чейинки бөлүгү (3,34 км) 1-майдан 31-августка чейин.
Москва көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Фучикке чейинки бөлүгү (1 км) 20-майдан 3-июлга чейин оңдолот.
Медеров көчөсүнүн Панфиловдон 7-апрелге чейинки бөлүгү (2,5 км) 25-марттан 31-майга чейин жасалат.
Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү (1,5 км) 2-августтан 31-октябрга чейин реконструкцияланат.
Мэрия ошондой эле 20-апрелден тарта Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылы чектелерин кошумчалады.