Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы гүлбак ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын ачылышына мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевдин катышты.
Гүлбакта балдар аянтчасы, баскетбол аянтчалары, амфитеатр, отургучтар, тротуар, дааратканалар бар. Анын аянты 2,4 гектарды түзөт.
Курулуш иштерин «Дорстройгрупп» компаниясы жүргүзгөн.