Бишкектин Башкы планын иштеп чыгуучулар трамвай линиялары кайсы жерден өтөрүн көрсөтүштү

16.12.2025 | 13:59

Башкы пландын (Генплан) негизги жаңылыктарынын бири — ылдам жүрүүчү коомдук транспортту өнүктүрүү схемасы болду. Шаарды тыгындардан арылтуу үчүн Бишкекке жаңы болгон бир нече кыймыл түрүн дароо киргизүү сунушталууда:

  • Рельссиз трамвайлар: Транспорттун заманбап жана экологиялык таза түрү.
  • Шаардык электр поезддери: Алыскы райондорду жана шаар айланасын байланыштыруу үчүн.
  • Ылдам жүрүүчү автобустар (BRT): Атайын бөлүнгөн тилке менен жогорку ылдамдыкта жүргөн автобустар.

Иштеп чыгуучулар шаардагы негизги түйүндөрдү бирдиктүү тармакка бириктире турган келечектеги маршруттарды көрсөтүштү.

Учурдагы «Ак-Кула» ипподромунун аймагын түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр күтөт. Долбоорго ылайык, дал ушул жерде жаңы «Бишкек-Сити» коомдук-ишкер борбору бой көтөрөт.

Концепциянын авторлору бул район бизнес-активдүүлүктү, заманбап кеңселерди жана коомдук жайларды өзүнө топтоп, «борбор калааны жаңылоонун символу» болуп каларын билдиришүүдө.

Башкы планда бийликти масштабдуу децентрализациялоо (борбордон ажыратуу) да каралган. Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жаңы административдик борборду түзүү пландалууда.

Ал жакка бардык министрликтер жана ведомстволор көчүп барат деп болжолдонууда. Бул чечим административдик инфратүзүмдү жаңылоого гана эмес, Бишкектин тарыхый борборун өкмөттүк транспорттон жана тыгындардан кыйла жеңилдетүүгө багытталган.

Scroll to Top