Лондондо Кыргызстан өзүнүн туристтик дараметин тааныштыруудаДары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат
Сасык тумоо: өлкө боюнча 526 мектеп онлайн окууга өткөрүлүп, 403 бала бакча жабылды
16.12.2025 | 14:25

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-14-декабрга карата оору учурлары 11,7%га азайып, 42 миң 561 адамды түзгөн. Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө.
Мындан улам 15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлгөн. Ошондой эле 403 бала бакча инкубациялык мезгилге жабылган.
Министрлик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом