Бишкек шаарынын кире беришине блокпост коюлуп унаалар жана жүргүнчүлөр текшерилип жаткандыктан унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирген.
Алардын айтымында айрым унаалар 2 сааттан бери шаарга кире албай турушат. Ал эми жүргүнчүлөрдү текшерген адистер жетишсиз экендигин айтышууда.
Буга чейин коронавирусту жайылтпоо максатында шаардын кире беришине көзөмөл посттору коюлган эле.