Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы корпусунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Ачылыш аземге мэр Айбек Джунушалиев, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана башка жетекчилер, кызматкерлер жана тургундар катышты.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат заманбап, эки кабаттуу жана жер төлөсү бар, ал эми жалпы аянты 2607,9 чарчы метрди түзөт. Ошондой эле беш унаага ылайыкталган тез жардам станциясы бар. Ал эми имараттын айланасы көрктөндүрүлгөн.
Мындан тышкары жаңы имаратта дарыгерлердин бөлмөсү, ЭКГ, УЗИ, физиотерапия кабинеттери, стерилизация, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр жайгашкан. Тургундарга ыңгайлуу болушу үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган.
«Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жаңы корпусунун ачылышы борбор калаа тургундарын сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөгө жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет»,- деп билдирди мэрия.