Бишкектин мэри Чыгыш айланма жолунун курулушуна старт берди

22.12.2025 | 21:26

Бишкекте тыгын маселесин чечүүгө багытталган масштабдуу инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу башталды. Мэр Айбек Жунушалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушуна расмий старт берди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы магистраль шаардын чыгыш бөлүгү аркылуу, калк жыш жайгашкан райондорду айланып өтөт.

Долбоордун башкы максаты — транзиттик унаалардын агымын Бишкектин сыртына чыгаруу жана муну менен борбордук көчөлөрдү жеңилдетүү.

Курулуш шаардык бюджеттин жана инвесторлордун каражатынын эсебинен биргелешип каржыланат. Иш планына 5 ири транспорттук түйүндү, ошондой эле Кант шаары тараптан эстакадалык көпүрөнү куруу кирет.

Долбоор бир эле трасса менен чектелбейт. Муну менен катар мэрия жаңы айланма жолго туташа турган беш магистралдык көчөнү курууну жана реконструкциялоону баштоодо. Алардын жалпы узундугу дагы 16 чакырымды түзөт. Ошентип, жол иштеринин жалпы көлөмү 32 чакырымды камтыйт.

Реконструкциялана турган тилкелердин тизмеси:

  • Лев Толстой көчөсү: Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин узартуу (5,7 км).
  • Ахунбаев көчөсү: Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (3 км).
  • Сухэ-Батор көчөсү: Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейин (2 км).
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү: Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин (2,2 км).
  • Иманалиев көчөсү: Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин (3 км).

Учурда 100гө жакын атайын техника иштеп жаткан Жукеев-Пудовкин көчөсүн текшерүү учурунда Айбек Жунушалиев борбордун чыгыш бөлүгүндөгү логистиканы жакшыртуу үчүн жаңы инфратүзүмдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Scroll to Top