Бишкектин мэриясы Ош шаарына берген 100 троллейбусту жеткирүү иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ААКсы билдирди.
Маалыматка ылайык, ташып жеткирүү иштерин «Кыргызиндустрияга» караштуу «Кыргызчеттранс-Ош» ишканасы колго алган. Ал быйыл апрель айында өткөрүлгөн тендерди утуп алган.
Аталган ишкана троллейбустардан тышкары, трасформаторлорду, электр зымдарын жана мамыларды Ош шаарына жеткирет. Ал үчүн жалпы 152 каттам уюштурулат.
Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Бишкектин мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландап жатканы белгилүү болгон. Аны менен катар мэрия троллейбустардан толугу менен баш тартары ачыкка чыккан. Мэриянын бул демилгесине бир топ шаар тургундары, коомдук активисттер каршы болгон. Ага карабай мэрия Бишкек шаардык кеңештин колдоосун таап, 100 троллейбус Ош шаарына бериле турган болгон. Жакынкы мезгилде Бишкекте троллейбустар такыр каттабай калат.