Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ибраимовго «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевге карата козголгон иш боюнча иш ачылган. Сотко чейинки процесстин алкагында Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри жана директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда, Манас эл аралык аэропортунун кызматкерлери, түркиялык Gata havayollari ve tasimacilik компаниясын жана аэропорттун айрым кызматкерлерин чет элдик компанияга эл аралык ташууда мыйзамсыз жеңилдиктер менен камсыз кылып, камкордукка алышканы аныкталды.

Буга байланыштуу Албек Ибраимовго тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү «Коррупция» боюнча сыртынан айып тагылган. Учурда айыпталуучу изделүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>