Бишкек шаарынын тургуну түнкүсүн курулуш иштери жүрүп жатканына нааразы. Бул тууралуу ал Reporter.kg басылмасына билдирди.
Анын айтымында, Көк-Жар жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш иштери түнкүсүн дагы уланууда.
“Саат 00:15 болгонуна карабай, курулуш жүрүп жатат. Терезе ачык болгондуктан алар уйку бербейт. Чара көрүүнү өтүнөм”, — деди ал.