Бишкектин тургуну унаасын 2,9 млн сомго сатайын деп сызга отуруп калган. Шектүү кармалды

Бишкектин тургуну унаасын 2,9 млн сомго сатайын деп сызга отуруп калган. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 3-мартта шаар тургуну (Ю.М.) бир жаранга (А.Р.) Toyota Highlander унаасын 33 миң долларга саткан. Унааны алган жаран «акчаны үч айда бөлүп берем» деп ишендирип, ошону менен жок болуп кеткен. Алданган шаар тургуну 5-мартта милицияга арыз менен кайрылган.

Шаар тургунуна 2 млн 951 миң сом зыян келтирилген.

Милиция аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Арадан 6 ай өткөндөн кийин укук коргоо органдары алдамчылыкка шектелген 36 жаштагы А.Р. аттуу жаранды кармады.

Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин 1 айга камакка алынды.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы төрт ишке катыштыгы бар экендиги аныкталган. Мындан улам милиция шектүүгө (А.Р.) алданып калган жарандар болсо, 0702 494 730 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>