Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев мыйзамсыз объекттерге уруксат бергени үчүн камалды — УКМК

17.07.2025 | 10:31

УКМК Бишкек шаардык вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча расмий маалымат таратты. Анда айтылгандай, ал Туңгуч кичирайонундагы №36 үйдүн жанында жайгашкан мыйзамсыз иштеген объекттерге колдоо көрсөткөнү үчүн камакка алынган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 4 коммерциялык жай жана 5ке жакын балдар аттракциону 6 жылдан бери тиешелүү уруксатсыз иштеп келген. Бул объекттер үчүн жергиликтүү бюджетке ижара акысы төлөнбөй, мамлекетке 2,9 миллион сом зыян келтирилген.

Мындан сырткары, Октябрь райондук администрациясы бул аймакка балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорго тоскоолдук кылган.

Учурда мыйзамсыз курулуштар демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды. Бул кылмыш ишке байланыштуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана В.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Рубрики: Коом
Scroll to Top