Блогер Элмир Сыдымановду прокуратура айыптоодон баш тартты

10.03.2021 | 13:46

Тергөө органы тарабынан региондор ортосундагы кастыкты козутууга айыпталган блогер Элмир Сыдымановдун күнөөсү аныкталбады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Элмир Сыдыманов тергөө органы тарабынан 313-беренин 1-бөлүмү менен айыпталат. Анткени, ал 2020-жылдын 4-февралында өзүнүн социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп,  региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткан.

Соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Э.Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталбаганы айтылат.

Ал эми бүгүн, 10-мартта өткөн соттук отурумда мамлкеттик айыптоочу 330-берененин 1-бөлүмүнүн негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.

Scroll to Top