Блогер Элмир Сыдыманов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды.
Элмир Сыдыманов: «Сот менин айткандарым хейтерлерге экенин түшүндү. Мен түштүк-түндүк деп бөлүп жаргым келген эмес. Ош жергесинин элин таарынткым келбейт. Дагы бир жолу Ош элинен кечирим сурайм».
Белгилей кетсек, блогер Эльмир Сыдыманов 17-февралда аймак аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, блогерди №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.
Блогер буга чейин өзүнүн “Инстаграм” баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.