Бокс боюнча Кыргызстан чемпионаты башталды

Бокс боюнча Кыргызстан чемпионаты башталды

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионат 24-28-ноябрь аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чемпионат көрүүчүлөрсүз өтөт. Каалоочулар жана бокс спортунун күйөрмандары беттештерди «КТРК Спорт» телеканалынын түз эфиринен көрө алышат.

Чемпионаттын биринчи күнүндө эркектер арасында төрт салмак категориясында 17 беттеш болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>