Борбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдашты
Тажикстандын борборунда Борбор Азиянын Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын (МКВК) 92-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын суу чарба жана энергетика министрлери катышты. Кыргыз Республикасынын атынан байкоочу катары КРдин Тажикстандагы элчилигинин кеңешчиси Улан Абдыкеримов катышты.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири аймактын ири дарыялары — Сырдарыя жана Амударыянын бассейндериндеги суу ресурстарын бөлүштүрүү болду. Катышуучулар суу алуу лимиттерин, ошондой эле 2025–2026-жылдардагы вегетация аралык мезгилге карата суу сактагычтардын иштөө графиктерин талкуулап, макулдашышты.
Суу бөлүштүрүүнүн техникалык маселелеринен тышкары, жыйында Аралды куткаруу эл аралык фондунун уюштуруучу мамлекеттеринин башчыларынын саммиттеринин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшү талданды. Тараптар аймактагы суу чарба кырдаалын жакшыртууга багытталган биргелешкен милдеттердин ишке ашырылышына баа беришти.
Душанбедеги иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн тармактык ведомстволоруна жакынкы мезгилге чек ара аралык суу ресурстарын башкаруу боюнча аракеттерди координациялоого мүмкүндүк берди.