«Борбордук Азия – АКШ» саммити: Күтүүлөр жана геосаясий тобокелдиктер

06.11.2025 | 11:19

Бүгүн Вашингтондо Борбордук Азия мамлекеттеринин башчылары менен АКШнын президенти катышкан «С5+1» форматындагы саммит башталат. Дональд Трамптын администрациясы демилгелеген бул жолугушуу 2023-жылы Жо Байдендин тушунда башталган жогорку деңгээлдеги диалогдун уландысы болуп саналат.

Эксперттердин баамында, биринчи саммит Борбордук Азия өлкөлөрүнүн көп багыттуу тышкы саясатын көрсөтүп, бирок так чечимдерге алып келген эмес. 2023-жылы өткөн АКШ менен Борбор Азиянын президенттеринин биринчи жолугушуусунан кийин эксперттер бул окуя негизинен символикалык мааниге ээ экенин белгилешкен. Айрымдар алгачкы саммит Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалуу күчөгөн шартта гана өткөрүлбөй калышы мүмкүн экенин да айтышкан.

Аналитиктердин пикиринде, бүгүнкү сүйлөшүүлөр АКШнын прагматикалык кызыкчылыктарынын логикасында өтүп жатат. Негизги темаларга сейрек кездешүүчү металлдар, коопсуздук жана аймак ичиндеги альтернативалуу логистика кирет. Кытай менен стратегиялык атаандаштык багытын карманган Трамптын администрациясы Пекинге каршы турууда Борбордук Азияны маанилүү чийки зат чынжырында потенциалдуу өнөктөш катары көрүүдө.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, Борбордук Азия лидерлерин чакыруу – АКШнын бул аймактагы таасирин күчөтүү стратегиясынын бир бөлүгү. Эксперттин божомолунда, Вашингтон экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду сунушташы мүмкүн, анын ичинде Орто соода жолу (Транскаспий эл аралык транспорттук багыты), санариптик инвестициялар жана жаңы логистикалык чечимдер бар болушу ыктымал.

Прагматикалык максат

«Дональд Трамп — прагматик, ал бир гана прагматикалык учурларды карайт. Анын негизги багыты — Кытай менен атаандаштык», — деп билдирди Reporter.kg’ге саясат талдоочу Игорь Шестаков.

Анын айтымында, АКШ сейрек кездешүүчү металлдардын кендерине жетүү мүмкүнчүлүгүнө жетүүгө жана Ооганстандагы Баграм аскер базасына кайтып келүү планын колдоого алынуусуна аракет кылат. Мындан тышкары, Вашингтон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун Дүйнөлүк банк аркылуу насыялоо сыяктуу каржылык инструменттерди колдонуу менен гидроэнергетика тармагында өз кызыкчылыктарын илгерилетүүнү көздөйт.

АКШнын сейрек кездешүүчү металлдарды өздөштүрүүгө жана Орток коридорду өнүктүрүүгө багытталган инвестицияларына көбүнчө Казакстан ишеним артууда, — дейт Казакстандын Евразиялык саясат институтунун жетекчиси Максим Крамаренко. Бул өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин Казакстанды логистикалык хабга айлантуу саясатына шайкеш келет.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн бир нече жолу белгилеген.

Кытай фактору

Мурдагы администрациядан айырмаланып, Москва тараптан болгон чакырык Дональд Трамп үчүн анчалык маанилүү эмес, ал эми Кытай фактору, эксперттердин баамында, негизги орунга чыкты. Игорь Шестаковдун пикиринде, Орусия азыр көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы түзүмдөрүнө таасир эткен санкциялардын контекстинде гана эскерилиши мүмкүн.

Эксперттин баамында, Трамп үчүн саммиттин өзү эле чоң окуя, бирок анын мазмуну АКШнын негизги тышкы саясаттагы багыты болгон Кытай менен атаандаштык аркылуу аныкталат. Ал 2020-жылы АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу программасында аймак менен өз ара аракеттенүүдө негизги басым дал ушул Кытай Эл Республикасы менен достук эмес мамилелердин негизинде  жасалган эске салды.

«Пекин үчүн Борбор Азия — бул “ачкыч, дарбаза жана чоң дүйнөгө чыгуу магистралы”, — деди Игорь Шестаков. Ошондой эле ал Трамп Борбор Азия лидерлери менен сүйлөшүүлөрдө ар дайым Кытай факторун эске алып турарын кошумчалады.

Аймактык атаандаштык жана көп багыттуулук

Эксперттер белгилегендей, саммит АКШнын инвестициялары үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда «С5+1» форматы аймак үчүн көп багыттуу саясатты көрсөтүүгө ыңгайлуу аянтча бойдон калат.

Айрыкча, Душанбе Батыш менен кызматташууну өнүктүрүү Москва жана Пекин менен болгон салттуу мамилелерге каршы келбейт деп белгилөөдө. Тажикстандык саясат таануучу Сайфулло Сафаров Reporter.kg’ге билдиргендей, аймактагы өлкөлөр «өз өнөктөштөрүнө каршы багытталган терс кадамдардан» качып, өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга тийиш.

Ушундайча Вашингтондогу саммит дүйнөлүк саясат өзгөрүп жаткан учурга туш келип, АКШнын Борбор Азияга болгон кызыгуусунун сакталганын айгинелеп турат. Вашингтондун позициясы экономикалык прагматизм менен узак мөөнөттүү саясий максаттарды айкалыштырат, алардын эң негизгиси — Евразияда өз позициясын бекемдөө жана башка күч борборлорунун таасири өсүп жаткан шартта өз ролун сактап калуу.

Кытай менен активдүү атаандаштык «С5+1» форматын жогорку деңгээлде жандандыруунун негизги себептеринин бири болду. Өз кезегинде, аймак өлкөлөрү бул форматты өз чек араларына жакын жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келүүчү кошуна мамлекеттер менен өнөктөштүктөн баш тартпай туруп байланыштарды диверсификациялоо үчүн колдонушууда.

Scroll to Top