Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Репортерго” Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.
Анын айтымында, Айбашев үй камагына 3-июнь күнү Октябрь райондук сотунун чечими менен чыккан.
Белгилей кетсек, Нурбек Айбашев 2018-жылдын 25-майында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шектүү катары кармалган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты анын хан сарайын тинткени тууралуу видео да жарыялаган.