“Көлбаев менен байланышы бар болгон”: Боршайком Кудрет Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп Кудрет Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда Сокулук району боюнча №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан Кудрет Тайчабаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарап кеткен.
БШКнын маалыматында, 6-ноябрында талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин текшерүү боюнча жумушчу топтун отуруму өткөрүлүп, ага Кудрет Тайчабаров чакырылган.
Анда Кудрет Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталып, аны каттоодон баш тартуу жөнүндө сунушу киргизилген.
“Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы маалымкатында Кудрет Тайчабаров 2021-жылы Бишкек шаарындагы “Blonder Pub” аттуу кафе-барда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен бирге түшкөн сүрөттө чын эле өзү экенин 4-ноябрда тергөө алдындагы материалдар боюнча күбө катары сурак берүү учурунда тастыктаган”,- деп билдирди БШК.
БШК маалымкатта Кудрет Тайчабаров кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбекке жакын байланышы бар болгондуктан, “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп ИИМдин ыкчам каттосуна коюлду деп көрсөтүлгөнүн, мындан улам аны талапкер катары каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынганын билдирди.