Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкектин борборунда аварияга байланыштуу суу өчүрүлдү
07.11.2025 | 10:47

Бүгүн, 7-ноябрда, Бишкектин борборунда ичүүчү суу саат 8:00дөн 12:00гө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу диаметри 500 мм болгон суу түтүктөрүндөгү авариялык кырдаалга байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:
Осмонкул көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин, Москва көчөсү, Ибраимов көчөсү жана Фрунзе көчөсүндө.
“Бишкексууканал” ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурады.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом