Бош казынага карабаган аскердик амбиция: Европа армия десе, БА мегадолбоорлорду курууда

12.09.2025 | 17:40

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 26 өлкөнүн коалициясы Украинага аскер жөнөтүүгө даяр экенин жарыялап жаткан маалда, анын өкмөтү ири мамлекеттик карыз жана социалдык нааразылык менен күрөшүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстанда Камбар-Ата 1 ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор старт алып, дүйнөнүн булуң-бурчунан инвесторлорду тартып жатат.

Бул көрүнүш реалдуулуктан ажырап калган европалык саясат менен Борбор Азиянын прагматикалык багытынын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөтүп турабы?

Бул жана башка суроолорго политолог Игорь Шестаков жооп берди.

Макрондун билдирүүлөрү тууралуу: «Популизмдин белгилери бар»

Франция президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскер жөнөтүү тууралуу демилгесин талдап жатып, политолог Игорь Шестаков бул билдирүүнү иш жүзүндө аткарылчу план эмес, биринчи кезекте саясий жүрүш катары карап чыгуу керектигин белгиледи.

«Менимче, бул жерде белгилүү бир деңгээлде популизм бар. Биринчиден, азырынча Киев менен Москванын ортосунда согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эч кандай макулдашуу жок. Демек, азырынча бул — теория гана», — деди ал.


Политолог Европанын ролу бул маселеде чечүүчү эмес экенин да белгиледи:

«Европа Украинага аскердик жардам берип жатат, бирок, Киевдин өзү бир нече жолу билдиргендей, бул жардам Украинанын суроо-талабына ылайык көлөмдө болгон жок. Ошондуктан Украина аскердик жардам боюнча көбүрөөк АКШга таянып жатат. Алар үчүн эң негизгиси — америкалык аскердик-техникалык камсыздоо. Европа бул жакта, менимче, экинчи планга чыгууда», — деп түшүндүрдү Шестаков.

Анын баамында, Макрондун мындай билдирүүлөрүнүн артында бир нече ички жана тышкы саясий себептер турат:
• Биринчиси — Франциядагы ички саясий кризис шартында өзүнүн эл аралык маанисин көрсөтүү аракети;
• Экинчиси — АКШда Дональд Трамптын кайрадан активдешүүсүнө жооп катары белгилүү бир саясий упай топтоо аракети.

Трамп азыр өзүн «тынчтык орнотуучу» катары көрсөтүп жатканын эске салды.

«Макрон бул билдирүүсү менен Европанын да кандайдыр бир ортомчулук функцияларды аткарууга даяр экенин көрсөткүсу келди. Бирок буга чейин Париж Москва менен Киевдин ортосунда ортомчу болууга аракет кылган, бирок ал демилге жыйынтыксыз калган», — деп кошумчалады эксперт.

Ошондой эле, ал Франциядагы терең социалдык көйгөйлөрдү белгиледи. Анын айтымында, бул маселелер 2011-жылдагы «араб жазына» катышкан Франциянын аракеттеринин кесепети.

«Ливия режиминин кулашында Франция дагы маанилүү бир ролду ойной алган. Бул “демократиялаштыруу” аракеттеринин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштан миллиондогон качкындар Европага агылып келди», — деп эске салды Шестаков.


Анын айтымында, качкындарды кабыл алуу жана аларга жоомарт жөлөкпул берүү саясаты Франциянын бюджетине чоң күч келтирген. Эми өкмөт бул төлөмдөрдү кыскарта баштаганда, өлкөнү нааразылык толкуну каптады.


«Азыр Франция Украинага жардам берүү эмес, эң оболу өзүнүн ички социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тийиш», — деп жыйынтыктады Шестаков.

Борбор Азия менен карама-каршылык: Көп векторлуу саясат жана ресурстарга кызыгуу
Европадагы көйгөйлөр фонунда Борбор Азиядагы долбоорлор, мисалы, Камбар-Ата 1 ГЭСи прагматикалык өнүгүүнүн үлгүсү катары көрүнүүдө.


«Биздин регион көп векторлуу саясат жүргүзүп жатат. Ошондуктан Камбар-Ата 1 ГЭСи дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга инвестициялоо үчүн сунушталган», — деп белгиледи Игорь Шестаков.


Ал кошумчалагандай, Кыргызстандын өкмөтү Брюссель менен да инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок «азырынча андан майнап чыга элек».


Анын айтымында, соңку жылдары Европа Биримдиги регионго болгон көңүлүн чын эле күчөткөнү менен, бул катыш Евразиялык экономикалык биримдик менен болгон байланыштарга салыштырмалуу алда канча начар.


«Менимче, сейрек кездешүүчү металлдар маселеси — бүгүн Европа Биримдиги үчүн өзгөчө актуалдуу темалардын бири», — деди политолог.

Ал белгилегендей, «БА + Борбор Азия» форматындагы форумдар же Германия, Италия сыяктуу өлкөлөрдүн катышуусундагы жолугушуулар болуп турса да, реалдуу соода көлөмү дагы эле чектелүү бойдон калууда. Мунун ичинен да негизинен Казакстандан келген чийки затты эсепке алса болот.

Акыркы үч жылдагы соода өсүшү да, эксперттин баамында, негизинен Европа аркылуу Россияга жүргүзүлгөн параллел импорт менен байланышкан.

Ошол эле учурда, Борбор Азия өлкөлөрү ресурстарды казып алуу менен гана чектелип калууну каалабайт.

«Биздин өлкө технологияларга, ошондой эле кен чыккан аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө да кызыкдар. Инвестор жөн гана пайда таппай, жергиликтүү жамааттар менен иш алып барууга көңүл бурушу керек», — дейт эксперт.

Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү металлдарга болгон «аңчылык» АКШ менен Кытайдын ортосундагы геосаясий атаандаштыктын бир бөлүгү болуп саналат. Бул болсо регион үчүн санкциялык коркунучтарды кошо жаратат.

«Европа азырынча Борбор Азияда ишке аша турган өз ара пайдалуу долбоорлорду издеп жаткан мезгилде, региондун өзү көптөгөн өлкөлөрдү тартууда. Биз азыр эл аралык күн тартибинде актуалдуу аймак болуп турабыз», — деп жыйынтыктады Шестаков.

Scroll to Top