Бразилия Apple компаниясына iPhone телефондорун кубаттагычсыз сатууга тыюу салды. Сот бул практиканы толук эмес товарларды алган сатып алуучуларды басмырлоо деп атады.
Америкалык корпорация эки жыл мурун ысырапкорчулукту азайтуу аркылуу айлана-чөйрөгө кам көрүү максатында смартфондорун кубаттагычсыз сата баштаган.
Apple буга чейин Бразилия сотунун чечимине каршы даттанарын билдирген.