БШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты

19.02.2026 | 16:26

Бүгүн, 19-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Буга чейин мурдагы спикер Фейсбуктагы баракчасына мандатын өз каалоосу менен тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал саясаттан алысыраак болууну жана ден соолугуна көңүл буруп, жеке иштер менен алек болууну каалап, ушундай чечимге барганын билдирген.

Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Анда ал Жогорку Кеңеште депутат катары иштей берерин айткан эле.

Scroll to Top