Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
БШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
19.02.2026 | 16:26

Бүгүн, 19-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Тургунбек уулу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Буга чейин мурдагы спикер Фейсбуктагы баракчасына мандатын өз каалоосу менен тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Ал саясаттан алысыраак болууну жана ден соолугуна көңүл буруп, жеке иштер менен алек болууну каалап, ушундай чечимге барганын билдирген.
Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Анда ал Жогорку Кеңеште депутат катары иштей берерин айткан эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат