Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктери
БШК: парламенттик шайлоого катышууга үч партия арыз берди
06.10.2025 | 15:20

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна катышуу ниетин үч партия расмий түрдө билдирди.
БШКнын маалыматына ылайык, булар:
- «Кырк ууз» партиясы
- «Легалайз» партиясы
- «Ынтымак» партиясы
Мыйзамга ылайык, партиялар съезд өткөрүп, ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүшү керек.
Партиялар өз мүчөсү эмес, бирок Кыргызстандын жаранын талапкер катары көрсөтө алышат. Ошол эле учурда башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүүгө тыюу салынат.
Тизмелерди түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш — бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоого тийиш.