Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Ысык-Көлдө китепкана тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө
06.10.2025 | 14:56

Ысык-Көлдө «Заманбап китепкана — мамлекеттин стратегиялык ресурсу» аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Иш-чарада китепканалардын коомдогу ордун санариптик доордо кайра аныктоо маселеси каралууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан, КМШ жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 150дөн ашуун китепканачылар, IT-адистер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери үч күн бою төмөнкү темалар боюнча талкуу жүргүзүлөт:
- китепканалардын санариптик трансформациясы;
- жасалма интеллекттин колдонулушу;
- инновациялык IT-чечимдер;
- инклюзивдүү долбоорлор;
- руханий баалуулуктарды калыптандыруу.
Министрлик конференциянын жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, китепкана тармагын өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынарын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом